Жаңылыктар
Ош шаарынын мэриясы ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын мэриясы ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарынын мэриясында ишкерлердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Садиров жана ишкерлер катышты.

Саибжан Турдуев ишкерлерди кесиптик майрамы менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан куттуктап, алардын өлкөбүздүн экономикасына кошуп жаткан салымдарын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө, потенциалын жогорулатууга, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон бараандуу салымы жана коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жеке ишкерлерге мэриянын Ардак грамоталары жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги тарабынан Ардак грамота, Ыраазычылык кат жана жылдын “Мыкты ишкери” наамы ыйгарылды.

Айта кетсек, жыл сайын 20-сентябрда Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет.