Жаңылыктар
Ош облусундагы билим берүү уюмдары мамлекеттик тил күнүн онлайн белгилешти
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусундагы билим берүү уюмдары мамлекеттик тил күнүн онлайн белгилешти

Бүгүн, 22-сентябрда Ош облусундагы билим берүү институту тарабынан мамлекеттик тил күнүн утурлай облустук иш-чара онлайн уюштурулуп, республикабыздагы жалпы билим берүү кызматкерлери катышып, интернет колдонуучуларга ютуб-каналынан түз көрсөтүлүп турду. Бул тууралуу Билим  берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

«Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!» аттуу иш-чаранын башында Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева облустагы билим берүү кызматкерлерин мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гульнара Ибраимова сөзгө чыгып, өз ойлору менен бөлүшүштү. Муну менен катар президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ош жана Жалал-Абад аймактары боюнча жооптуу өкүлү Алмагуль Телекманова да билим берүү кызматкерлерин мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жөнүндө токтолуп өттү.

Онлайн режиминде уюштурулган бул иш-чараны Ош облусунун бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын жана мектеп окуучуларынын бийлери, алардын айткан «Манас» эпосунан үзүндүлөр жана тил боюнча көркөм окуулары коштоду.