Жаңылыктар
COVID-19: Казакстан коронавируска каршы вакцина иштеп чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Казакстан коронавируска каршы вакцина иштеп чыкты

Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет. 

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген. Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда пневмония менен ооругандардын саны кескин өскөнү катталды. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты жазып чыкты. Казакстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 364 учур катталды. Буга чейинки күндө илдетке 20 адам кабылган болчу. 1-августтан бери өлкөдө илдетти 31 миң 531 киши жуктурду. Акыркы суткада 4 адам коронавирустан каза болду.