Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарынын Амир-Темур аймактык башкармалыгында 100 орундуу заманбап балдар бакчасы колдонууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүүнүн ардагерлери, шаар тургундары катышты.
Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов балдардын келечеги үчүн, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, Ош шаарына жылына кеминде үчтөн балдар бакчасы курула тургандыгын билдирди.
“Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жарлыгынын алкагында Ош шаарында болгон күч аракет балдарга шарттарды түзүп берүүгө жумшалып жатат. Балдар бакчалары жетиштүү дегенден алысбыз. Кайсы аймакта жетишсиз экенин белгилүү, андыктан өнүктүрүү программанын алкагында жылына эки же үч балдар бакчасын куруп, бул муктаждыкты жоёбуз. Быйыл беш бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, жыл аягына чейин баарын тапшыруу пландаштырылган. Мындан тышкары санариптештирүүгө багытында жаңы ачылган “Ак-Кеме” балдар бакчасы интерактивдүү доска менен камсыздалды, ошондой эле, ата-эне балдарын үйүндө отуруп, камера аркылуу көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди Т.Сарыбашов.
100 орундуу “Ак-Кеме” балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттен каржыланып, курулуш иштери “Мираж-Профи” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.