Жаңылыктар
"Ала-Тоо" аянтында “Баарына каршы” аталышындагы митинг өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" аянтында “Баарына каршы” аталышындагы митинг өтүп жатат

Ала-Тоо аянтында “Баарына каршыбыз” деген ураандар менен митинг өтүп жатат. Митингге 15ке жакын активисттер, анын ичинде укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бар.

Катышуучулар кыргызстандыктарды 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо бардык партияларга каршы добуш берүүгө үндөшөт. Токтайым Үмөталиева айрым партиялар жеке маалыматтары үчүн 2 миңден 3,5 миң сомго чейин беришерин айтты.

Катышуучулар "БШК кызматтан кетсин!” – деп, талап кылышууда. Укук коргоо кызматкерлери акцияга катышкандарды көзөмөлдөп жатышат.