Баткен облусунда бир күндө санитардык нормаларды сактабаган 24 ишканага айып салынып, 88 ишканага эскертүү берилди. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аймакта эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жаткандыктан, санитардык норманы сактоо боюнча талаптар күчөтүлдү.
Күн мурун облустун бардык аймактарында, тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия рейд жүргүздү. 135 объект текшерилип, жергиликтүү бийлик жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 15 протокол түзүлүп, 29 миң сомго айып пул салынды. Ички иштер органдары тарабынан 9 протокол түзүлүп, 27 миң сом айып салынды. Санитардык норманы сактабаган 82 ишканага эскертүү берилди. Анын ичинде 2 жеке менчик балдар бакчасы да бар.