Бишкек жана Ташкент соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө борбор калаанын мэриясы менен Ташкент шаарынын акимчилигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюшат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушуусунда белгилүү болду, - деп борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкка жана эки коңшу өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин билдиришти.
Мэрия 1993-жылы 4-сентябрда Бишкек шаарынын администрациясы менен Бухара шаарынын мэриясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге, Бишкек шаары менен Самарканд облусунун ортосунда экономикалык жана маданий кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлгандыгын эске салды. 1996 жана 2017-жылдары - Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактар боюнча кызматташуу болгон.