Жаңылыктар
Сасык тумоого каршы вакцина кимдерге болбойт?
Кыргызстан жаңылыктары
Сасык тумоого каршы вакцина кимдерге болбойт?

Учурда өлкө аймагында сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. "Гриппол плюс” деп аталган вакциналар Кыргызстанга Россиядан алынып келинди. Сасык тумоого каршы вакцина кимдерге болбойт?

Жетимиш эки жаштагы Мамбеттурду Бийгазиев кан басымын текшертип, ден соолугун чыңдоо үчүн бат-баттан бейтапканага келип турат. Бул жолу да дарыгерге көрүнгөнү келип биротоло сасык тумоого каршы эмдөө алды.

Гриппке каршы вакциналар Россиядан алынып келинген. Оору-сыркоону турукташтыруу жана алдын алуу иш-чаралары үчүн 84 миң 642 доза вакцина сатылып алынган. Ал "Гриппол плюс” деп аталат. Алар медициналык кызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар жана карылар үчүн.