Жаңылыктар
Санитардык норманы сактабаган ресторандарга 131 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Санитардык норманы сактабаган ресторандарга 131 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды

Бишкекте коронавирустук инфекцияны алдын алуу боюнча иш-чараларды сактабагандыгы үчүн 1692 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

 Анын айтымында, 3 миллион 185 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

 “60 объект тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди. Атап айтканда, бул кафелер, дүкөндөр, ресторандар, чачтарачтар, тейлөө станциялары жана вулканизациялар. Мындан сырткары 41 коомдук тамактануу жайларына мыйзам бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү.  Аларга 131 миң сом айып салынды” – деп кошумчаланды.