Буга чейин көл жээгинен бирин серин көзгө урунган чычырканак өсүмдүгүн эми айрым фермерлер талаага гектарлап өстүрүп, андан жыйнала турган түшүмүнө чоң маани беришүүдө. Ысык-Көлдө чычырканак өстүргөн чарба пайда болду.
Ишкер Таалайбек Окенов бош жаткан он гектардан ашык аянтка мөмө-жемиш бактарын өстүргөн. Алча, алма, алмурут, малина, айтор баары жаш өсүмдүк болсо да тонналап түшүм берип жатат. Негизги кесиби учкуч болгонуна карабай багбанчылыктын сырын өздөштүрдү. Мындай ийгиликке жетүүдө ал көп жолду басып өттү. Алгач өсүмдүктөрү куурап калган учурлары да болгон. Эми илимпоздордун кеңешине таянып иш кылат.
Чычырканак өстүрүү көптөрдүн оюна келбесе керек. Биздин каарман аны кирешелүү булак катары карап жатат. Көчөттү жергиликтүү элге сатып, мөмөсүн болсо алыскы чет өлкөлөргө экспорттоону максат кылууда. Келечекте бул өсүмдүк элге көп киреше алып келерине ишенген ишкер, аны жайылтуу зарыл экенин белгилейт.