Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.