Жаңылыктар
Бишкек - Кара-Балта жолун реконструкциялоо келерки жылдын июль айында бүткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Кара-Балта жолун реконструкциялоо келерки жылдын июль айында бүткөрүлөт

Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу быйыл октябрда жыйынтыкталары күтүлгөн долбоорду эпидемиологиялык абал кечеңдеткен. Чет элдик компания учурда асфальт төшөө иши менен алек. Жумуш жолдун Москва районуна караштуу Петровка айылына жетти.

Иш быйылкы жылдын октябрь айында бүткөрүлүшү керек болчу. Бирок ар кандай себептерден улам жумуш үзгүлтүккө учураган. Пандемия башка тармактар менен бирге жол оңдоого да тоскоолдук жаратты. 45 чакырымды түзгөн жолдун курулушу келээрки жылдын июль айында пайдаланууга берилээри күтүлүп жатат.