Кыргызстан менен Россия эки тараптуу алаканы күчөтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22чи жыйынында айтылды. Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук баштаган топ менен кыргыз өкмөтү экономиканы жандандыруу, соода алакаларын жакшыртуу жана маданий гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуулар тууралуу талкуулады.
Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясында тараптар пандемия маалында солгундай түшкөн ар тармактуу алакаларды калыбына келтирүү багытында пикир алышты. Алгач тар чөйрөдө жолугуп, кийин тараптар кеңири курамда жыйын өткөрдү. Буга чейинки түзүлгөн келишимдердин натыйжасын талкуулады.