Жаңылыктар
Жээнбеков: Сот тармагындагы реформа кандай гана тоскоолдуктар болбосун соңуна чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков: Сот тармагындагы реформа кандай гана тоскоолдуктар болбосун соңуна чыгарылат

Өлкөдө жүрүп жаткан сот укуктук реформасы кандай гана тоскоолдуктар болбосун соңуна чыгарылат. Азыркы учурда алгылыктуу реформалар үчүн бардык шарт түзүлгөн. Керектүү каражат бөлүнүп, материалдык техникалык база чыңдалды. Бирок, кемчиликтер бар, өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөш маселеси талкууланган жыйында өлкө башчысы сот укук реформасын ишке ашырууда орун алган кемчиликтерди жоюуну башкы прокуратурага тапшырды.

Сот системасын түп тамыры менен өзгөртүп, батыл реформаларды жасоого аракет 2010-жылдан тарта эле башталган. Бирок, ал күтүлгөн жыйынтыкты бербей келген. 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жаңы кодекстер ишке кирди, жаңы укуктук нормативдик актылар иштей баштады. Материалдык техникалык база чыңдалып, өзгөрүүгө карай алган багыт натыйжа бере баштагандай.