Жаңылыктар
Ачыкка чыккан кыңыр иш. Манас Арабаев Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
Ачыкка чыккан кыңыр иш. Манас Арабаев Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берди

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Сөз кытайлык ишкерлердин мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алуу жөнүндө жүрүп жатат. Буга байланыштуу чуулгандуу кылмыш иши Бишкек шаардык райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. Ушул күнгө карата күбөлөр суралып бүтүп, кошумча күбөлөр көрсөтмө берүүдө.

Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркеевага байланыштуу кылмыш иши былтыр сотко өткөн. Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.