Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Ал өлкөгө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катыша турган делегацияны баштап келген. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы алаканын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышуу болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы жана орто жана чакан бизнести колдоп, Евразиялык фонддун линиясы менен 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн россия тарапка дагы бир жолу ыраазычылык билдирди. Ал постпандемиялык мезгилде биргелешкен күч-аракеттерди топтоонун, соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуунун маанисине токтолду.