Жаңылыктар
Казакстан электр энергиясын Кыргызстанга кайтарып бере баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстан электр энергиясын Кыргызстанга кайтарып бере баштады

Соода алмашуу келишиминин алкагында Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын кайтарып бере баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук электр тармагы билдирди.

Буга чейин, өкмөттүн буйругун аткаруу максатында, "Электр станциялары" ААК жана Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу энергетикалык компаниясы электр энергиясын алмашуу боюнча келишимге кол коюшкан.

2020-жылдын июнь айынан август айына чейин Кыргызстандан Казакстанга берилген электр кубатынын көлөмү 300 миллион киловатт-саатты түздү.

"Казак тарап 21-сентябрдан баштап электр энергиясынын мурун алынган эквиваленттүү көлөмүн кайтарып баштады", - деп жыйынтыктады НЭСК.