Жаңылыктар
Орус-казак чек арасында 3200 кыргыз жараны өтө албай турат
Кыргызстан жаңылыктары
Орус-казак чек арасында 3200 кыргыз жараны өтө албай турат

Орус-казак мамлекеттик чек арасында 3200дөн ашуун кыргыз жарандары өтө албай турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинен билдиришти.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта чек арада калып калган кыргызстандыктар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалууда.

«Ошондой эле, биз Оренбург облусунун жана Башкортостандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте турмуштук оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына шарт түзүп берүүдөбүз. Россия тарап акысыз негизде кыргыз жарандарын жатаканаларда, балдар лагерлеринин аймагында жайгаштырды жана чатыр лагерин түздү. Айрым жарандар мейманканаларга жана жатаканаларга өз алдынча жайгашышат. Аларга акысыз тамак берилет. Мекендештерди мекенине алып келүү үчүн автобустарды камсыздоо  жеке транспорттук компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деп билдиришти башкармалыктан.

Элчилик Казакстандын чек арасы жабык экендигин, чет элдиктер үчүн бул аймакка кирүүгө чектөөлөр бар экендигин дагы бир жолу эскертет.

«Биз Россиядагы кыргыздарды орус-казак чек арасынан кетүүгө чакырабыз . Эгерде биз Кыргызстанга тез арада кайтып келүү керек болсо, анда кирүү мүмкүнчүлүгү чектелбеген аба каттамдарын колдонууну сунуштайбыз », - деп баса белгиледи дипломатиялык өкүлчүлүк.