Бишкек шаардык мэриясы кышка карата даярдык боюнча жыйын өткөрүп, шаар башчысы ар бир тармактын отчётун укту. Азыркы тапта борбордо 189 мекеме болсо алардын 115ине Бишкек жылуулук борбору аркылуу жылуулук берилет. Бул багытта иштер толук түрдө жүрүп жатат. Андан сырткары учурда көмүрдү сырттан алып келүү иштери уланууда.
Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо жана авариялык абалдардын алдын алуу боюнча да "Түндүк электр" ишканасы пландалган оңдоо иштерин бүтүрдү. Учурда бардык тармактарда от казандарды оңдолду. Эми аларды текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле жыйында шаардагы экологияга да көңүл бурулуп, жеке турак үйлөрдү газ менен камсыз кылууга өткөрүү сунушталды. Учурда 11 миң 710 жеке турак үй жаратылыш газын киргизген. Алтын-Ордо», «Рухий-Мурас», «Ынтымак», «Киргизия», «Чон-Арык» конуштарында газга туташтыруу иштери жүрүп жатат. Аны менен катар шаардагы абанын булганышын азайтуу үчүн эскилиги жетип, жаман түтүн чыгарган коомдук унааларды линиядан чыгаруу боюнча да тапшырма берилди.