Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы башталды. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан Президент Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасады. Анда өлкө башчысы уюмдун 75 жылдык мааракеси кыйын кырдаалда өтүп жатканын белгилеп, COVID-19 пандемиясы глобалдык масштабдагы олуттуу чакырыктардын бири болуп калганын айтты.
Президент пандемия шартында жаралган экономикалык кыйынчылыктарга токтолуп, каржылык колдоо көрсөткөн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүнү өтүндү.
Эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоп жана бекемдеп, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүүнү максат кылган эл аралык уюмдун түзүлгөнүнө быйыл 75 жыл толду. Мааракелик иш-чара пандемияга байланыштуу онлайн режимде өтүп жатат.
Уюмдун 75 жылдыгына арналган жыйында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын төрагасы Волкан Бозкыр, Башкы катчы Антонио Гутерриш, экономикалык жана социалдык, коопсуздук кеңештеринин төрагалары сөз сүйлөдү. Андан соң онлайн жыйынга катышып жаткан 180ге жакын дүйнө өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрылуу жасады. Президент Сооронбай Жээнбеков видео кайрылуусунда пандемия биздин өлкөлөрдүн социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизгенин айтып, орто жана чакан бизнес жабыркаганын белгиледи. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет деди.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун белгилеп, биздин өлкө адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани бере турганына токтолду. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз деди.
“Үстүбүздөгү жылы биз Уюмдун келечегин, көп тараптуулук принциптерин жана глобалдык эпидемияга каршы турууну талкуулап жатабыз. Бул тема дүйнөдөгү оор кырдаалды болушунча таамай чагылдырып турат. Бул чакырыктарды жеңүү үчүн Кыргызстан өзүнүн салымын кошууга даяр”, - деп өлкө башчы сөзүн жыйынтыктады.