Базар-Коргон районуна 225 орундуу мектеп курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынан билдиришти.
Маалыматка караганда курулуш тендерин Мамлекеттик курулуштун турак жай жана жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Мектепке жалпы 58 миллион 407 миң сом жумшоо пландалууда. Ал эми мектеп №42 Сооронбаев атындагы мектептин аймагына салынат. Мектептин курулушун 2021-жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү пландалган.