Жаңылыктар
Баткен облусунда массалык ишембилик болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
 Баткен облусунда массалык ишембилик болуп өттү

19-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Баткен облусунда массалык ишембилик болуп өттү. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ишембиликке жалпы мекеме-ишканаларда эмгектенген 4 миңдей кызматкер катышты. 

Алар санитардык эрежелерди сактоо менен өз аймактарын тазалап, иретке келтиришти. "Ошондой эле бул күнү Баткен шаарында шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган жаш активисттер эс алуучу жайларды, көчөлөрдү акыр-чикирлерден арылтышты", - деп айтылат маалыматта.