21-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 144 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 383 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 296 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку башатында жайгашкан мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.