Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык абал турукташа баштаганына байланыштуу жеке менчик бала бакчалар иштей баштады.
Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык ыкчам штаб 15 жеке бала бакчанын ишин жандантууга уруксат берди.
Ошону менен катар санитардык эрежелерди так сактоо талабы коюлуп, ар бир тайпада 12 баладан ашпоого тийиш. Кире бериштен баланын дене табы өлчөнүп, колуна антисептик чачылып, бет кап менен кабыл алынат. Мэрия муниципалдык бала бакчаларда дагы жогорудагыдай талаптар түзүлгөнүн белгиледи. Бирок бир тайпада 30 бала болгондуктан жана медиктердин жетишсиздигинен улам аларга уруксат бериле элек.