Кыргызстанда 1-октябрдан тарта идентификацияланбаган электрондук капчыктардын иши токтотулат. Улуттук банк тараткан маалыматка караганда, коммерциялык банктар белгиленген мөөнөткө чейин идентификация жүргүзүшү керек.
“Улуттук банктын башкармалыгынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тарта коммерциялык банктарга идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат. Идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктарды колдонууга тыюу салуунун негизги максаты - террористтик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү, кылмыштуу кирешелерди адалдоо чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди азайтуу, финансылык агымдардын бузулушуна жана тыюу салынган товарларды сатып алууга каршы туруу. Мындан тышкары, электрондук капчыктардын ишинде көйгөй жаралса идентификациядан өтпөгөн капчык ээлерине акчасын кайтарып берүү кыйынга турат. Муну турмуштук практика көрсөттү”, - деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча чечим бир жыл мурда кабыл алынганын Улуттук банк эскертет.