Жаңылыктар
Жемкорлуктун тамырына балта чабуу - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Жемкорлуктун тамырына балта чабуу - Кыргызстан жаңылыктары

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы эки жыл аралыгында бетин ачкан жемкорлук фактылар миңдеп саналат. Арасында резонанс жараткан иштер да бар.

Бажы кызматы чоң коррупциялык схемалар түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келген тармактын бири. Алсак, бажы кызматкерлери Кытайдан товар ташыган “Айхан” деп аталган фирма менен келишип алып, казынага түшчү 61 миллион сом өөнөлгөн. Бул иш боюнча 15 адам жоопко тартылды. Арасында Бажы кызматынын мурдагы төрагасы бар, ал тергөөдөн баш тартып, Азербайжанда жүргөн жеринен алып келинген.

Ушундай эле көрүнүш Түндүк-Чыгыш бажысында орун алган. Мында дагы жетекчилик кол алдындагы кызматкерлер менен чогуу жеке фирмалар аркылуу сүйлөшүп алып биргелешип казынага кол салышкан.

Каржы полициясы казынага миллиондогон зыян келтирген Мамлекеттик каттоо кызматындагы ири мыйзамсыз иштин тамырына да балта чапкан. Бул органдын Кара-Көл шаарындагы өкүлдөрү жүздөн ашуун унааны мыйзамсыз каттап жана аткезчилик жол аркылуу ташып киргизүү боюнча жоопко тартылган. Казынага келтирилген зыян 87 миллион сомго барат.

Башка дагы мисалдар көп. Анын бири Бишкек шаарынын Биринчи май районунун соту 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган учур же болбосо Бишкек милициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы да миң доллар талап кылып, теңин накталай алып жаткан жеринен кармалган...

Ал эми транспорт министрлигинин кызматкерлери жол тейлөөгө сарптала турган каражат менен өз капчыгын толтуруп келген. Алар Бишкек-Ош каттамындагы акы төлөнүүчү автоматташкан системага өзгөртүү киргизип, 20 миллион сомго жакын акчаны кымырып кетишкен. Бул факты боюнча 23 кызматкер жоопко тартылып отурат. Жалпы абалга сары эсеп салган серепчилер соңку кезде казынага кол салгандарга карата күрөш аёсуз жүрүп жатканын белгилейт.

Коронавирус тумоосу каптап, коомчулуктун башына мүшкүл иш түшүп турган маалда дагы өз көмөчүнө гүл тарткан фактылар ашкереленген. Пандемияда учурунда өз милдетин аткарбай, элдин камын көрбөгөнү үчүн Саламаттык сактоо тармагында шалаакылык жана коррупция беренелери боюнча 5 кылмыш иши тергелип жатат. Алардын бири мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев кылмышка шектелип, тергөө абагына камалды.