Жаңылыктар
КТРКда "Таң алдында" жаңы телесериалы көрсөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКда "Таң алдында" жаңы телесериалы көрсөтүлүүдө

КТРКда көрсөтүлүп жаткан "Таң алдында" жаңы телесериалы жарыкка чыгаары менен көрүүчүлөрүнүн саны арбыды. ЮТУБ каналында бир эле сериянын көрүүчүлөрүнүн саны 500 миңден ашкан. Анда пандемия учурундагы карапайым адамдар туш келген кыйынчылыктар, ыктыярчылардын иш-аракеттери, дарыгерлердин түйшүгү сыяктуу реалдуу окуялар сүрөттөлөт.

“Таң алдында” сериалы өлкөдө коронавирус оорусу жогорку чекке жетип турган июль айында тартыла баштаган. Тасмада пандемия учурундагы карапайым адамдардын турмушу, вирусту жуктуруп алган бейтаптардын даарылана албай кыйналганы сыяктуу реалдуу көрүнүштөр, акыркы убакта курч талкууланып жаткан шайлоо процесси жана коомдо оркоюп көрүнүп турган зордук-зомбулук маселеси cүрөттөлөт.
"Кастинг жарыялаганда, актерлорду чакыра албай жаттык. Кийин чогу аралашып, чыкпай иштеп жаттык. Кой-таш больницасы бош экен. Дарыгерлер көзүнө жаш алып, макулдук беришти. Барына рахмат",- дейт сериалдын продюсери Айбек Дайырбеков.

Негизги ролдорду Ренат Төрөмамбетов, Аскар Качкынбаев, Айсанат Эдигеева, ошондой эле белгилүү актёрлор Эгемберди Бекболиев, Айсалкын Кыйыкбаева менен Назира Айтбекова ойногон. Назира айым тасмада үй-бүлөнүн очогун кармаган жар, мээримдүү эненин ролун ачып берген.

“Менин ролум аркылуу коомдогу зордук- зомбулук маселеси көтөрүлөт. Бул биздин кыргыз аялдардын прототиби. Мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды азыр”,- дейт актриса Назира Айтбекова.

Сериалдын сценарийи актер-сценарист Азимкан Рахатовго таандык. Актерлорду тандоодо бир дагы актёр кайсы бир партиянын курамында болбошу керек деген талаптар болгон. Себеби тасмадагы негизги темалардын бири таза шайлоону өткөрүү жана добуш берүү. Кошумчалай кетсек, тасманы тартуу иштеринде партиялардан демөөрчүлүк жардам алынган эмес.

Сериал 8 бөлүмдөн турат. Учурда тасманы тартуу иштери аяктап, 7-8-бөлүмдөрдү монтаждоо жүрүп жатат. Тасмада каармандар пандемия апаатынан чыгып, өлкөнү алдыда жакшы нерселер күтүп турат деген ойду берүү үчүн "Таң алдында" деп аталып, таңдын атышы менен аяктайт.