Жаңылыктар
Бишкек жана Чүй облусунун тургундарын сасык тумоого каршы эмдөө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек жана Чүй облусунун тургундарын сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Өлкөдө 16-сентябрдан тарта сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө. Эки күндөн бери Бишкек жана Чүй облусунун тургундарына вакцина жасалууда. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей буга чейин Россиядан Кыргызстанга вакцинанын 120 миң дозасы алынып келген. 

Вакцинациялоо жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана үй-бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлерине, балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга акысыз жасалат. 

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолдору боюнча күзүндө сасык тумоо күч алышы мүмкүн.