Жаңылыктар
Ишкерлер менен шайлоого катышып жаткан партия өкүлдөрү жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлер менен шайлоого катышып жаткан партия өкүлдөрү жолугушту

Борбордо Кыргызстандын ишкерлери менен Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. 

Жыйында өлкөдө жеке секторду жана ишкердикти өнүктүрүү маселеси талкууланды. Белгилей кетсек, бир катар бизнес ассоциациялары саясий партияларга социалдык келишим түзүү сунушун жөнөткөн. Анда ишкерлер тараптарды экономикалык өсүшкө жана социалдык өнүгүүгө шарт түзүп берүүгө чакырган. Натыйжада, келишимге бизнес бирикмелер жана жаңы шайлана турган саясий партиялар тарабынан кол коюлду.

"Ишкерлер - өлкөбүздөгү экономиканын негизги таянычы экендиги баарыбызга белгилүү. Мындан улам биз ишкерлер Жогорку Кеңешке бара турган саясий партияларга карата талаптарды сунуштадык. Бүгүн эки тараптын катышуусу менен 9 пунктту камтыган коомдук келишимге кол коюлду",- деди Мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча эксперт Гүльнара Каликова.