Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн, паспортунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин аяктаган кыргызстандык жарандарга шайлоодо добуш берүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал үчүн жарандын паспортунун жарактуу мөөнөтүн 31-декабрга чейин узартуу талап кылынат. Паспорттун жарактуу мөөнөтүн жаран өзү жашаган өлкөдөгү элчилик, консулдуктарга кайрылып узартса болот. Паспортко басылган атайын мөөр жарандын паспортуна жарактуу деген макам берет. Мындай макамдагы паспортко ээ жарандар 4-октябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болушат.
Кыргызстандагы быйылкы парламенттик шайлоого байланыштуу чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу ачылган. Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн 1 миллиондон ашуун кыргызстандыктардын 13 миң 321и гана добуш берүү укугуна ээ. Алардын алты миңден ашууну Орусияда. Ал жерде туруктуу иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңдин айланасында.