Жаңылыктар
Ош шаарында мамлекеттик бала бакчалар иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында мамлекеттик бала бакчалар иштей баштады

Ош шаарында пандемиядан улам убактылуу токтоп калган мамлекеттик бала бакчалар иштей баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бала бакчалар санитардык нормаларды сактоо менен иштешет. Буга чейин 42 мамлекеттик бала бакчанын балдарды кабыл алууга даярдыгы текшерилген. Натыйжада 9 бала бакча даяр эмес болуп чыкты. Бирок ата-энелерден көптөгөн өтүнүчтөрү келип түшкөндүктөн баардык талаптар аткарылса уруксат берилет. Алар 1-2 топ менен гана иштешет. 

Ал эми Ош шаарында 23 жеке бала бакча жана мектеп бар. Алар жеке ишкерлер катары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кайрылышы керек. Эгерде буга чейин иштеп келген бала бакчаларда белгиленген талаптар сакталбаса, анда аларга айып пул салынат.