Жаңылыктар
Кыргызстан боюнча 19-сентябрда ишембилик өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан боюнча 19-сентябрда ишембилик өтөт

19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында "Enactus Кыргызстан" коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова билдирди. 

Айтымында, ишембилик эртен мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат. "Дүйнө жүзү боюнча 180 өлкө ишембилик өткөрөт. Кыргызстан бул иш-чарага 3 жылдан бери катышып келүүдө. Биздин өлкө 180 мамлекеттин ичинен калктын санына карата эсептегенде катышуучулардын саны боюнча эки жылдан бери биринчи орунду алып келүүдө. Былтыр жалпы ишембиликке Кыргызстандан 624 миң адам катышкан.

Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышаары күтүлүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Иш-чаранын уюштуруучулары бардык жарандарды кайдыгер мамиле жасабай, ишембиликке катышууга чакырат.