Мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 1-сентябрга карата 508,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлайт.
Пенсиялык жөлөк пул алууга укугу жок алуучулардын саны 93,2 миң адамды түздү.
“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуучулардын саны 92,8 миң адамды түздү.
Жалпысынан республикада “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун орточо көлөмү 870 сомду түзөт. Ал эми Социалдык жөлөк пулдун орточо көлөмү 3082 сомду түздү.
Республикалык бюджеттен мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөө үчүн 5 млрд 66,9 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” үчүн 2 млрд 304,6 млн сом, “социалдык жөлөк пулга” 2 млрд 389,8 млн. сом, “балага сүйүнчү” жөлөк пулу - 372,5 миллион сом бөлүнгөн.