Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларындагы жол кардан тазаланып, жолдор ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында 17-сентябрь күнү саат 23:45де кар жаап, кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрди түзгөн. Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу министрликтин №9 жол башкармалыгынын кызматкерлери жол тазалоого чыгышкан.
Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларындагы жол толук тазалынып, унаалар үчүн ачык. Ошондой эле Өтмөк ашуусундагы жолдун 6-36-чакырымында 10-15 сантиметр кар жаап, жол кардан тазаланган. Учурда Өтмөк ашуусундагы жол дагы ачык.