Талас районунун Өтмөк ашуусуна жакын айылдарда 18-сентябрга караган түнү кар жаады. Кардын калыңдыгы 15 см ге жеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгынан билдиргендей учурда Талды-Булак, Көпүрө-Базар айылдарындагы айыл чарба өсүмдүктөрүнө келтирилген зыяндар жеринде такталып жатат. Ал эми акимчилик тараткан маалыматка жана жергиликтүү жарандардын билдирүүлөрүнө таянсак, бул айылдарда көп жылдык чөп, кылкандуу дан эгиндер 95 пайыз чабылып бүткөн. Дыйкандар айрым гана жердеги түшүмдү чогултуп үлгүрбөй калышкан.