Эртең, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик белгиленет. Бул тууралуу «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова маалымат жыйынында кабарлады.
Ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.
Дүйнө жүзү боюнча белгиленген тазалык акциясына 180 өлкө катышат. Кыргызстан бул иш-чарага катышып жатканына 3 жылдын жүзү болду.
2019-жылы жалпы ишембиликке 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышары күтүлүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Топтолгон таштандылар 3 түргө бөлүп, чогултулат.
Уюштуруучулар «Тазалык» акциясына бардык жарандарды чакырат.