Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 95-орунда турат. ФИФАнын алдында жаңыланган рейтинг жарыяланды. Тизмеде 210 команда бар. Мыкты үч лидер Бельгия (1 миң 773 упай), Франция (1 миң 744) жана Бразилия (1 миң 712).
Кыргыз Республикасынын курама командасында 1 миң 240 упай бар. Ал буга чейин 96-орунду ээлеп келген. Коронавирустун айынан курама командалардын беттештери өткөрүлбөй жатат.
Кийинкиге калтырылган турнирлердин арасында кыргызстандыктар катышкан 2022-жылдагы Дүйнөлүк кубокко жана 2023-жылдагы Азия Кубогуна тандоо бар.