Жаңылыктар
Мамлекеттик тил күнүнө карата 16 китептин бет ачары болот
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тил күнүнө карата 16 китептин бет ачары болот

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында 16 китептин бет ачары болот.  Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди. Китептер  4 багыт боюнча басылып чыгууда.

«Азыркы адабият» сериясында кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектери, «Дүйнөлүк адабият» сериясында дүйнөлүк классиктердин кыргыз тилине которулган чыгармалары, «Дүбүрт» сериясында жаш калемгерлердин чыгармалары жыйнак болуп басылып чыгып, «Дүйнө» сериясында кыргыз адабиятынын башка тилдерге котормосу жарык көрөт.

Быйыл китеп басып чыгарууга 1,6 млн сом бөлүнүп, анын 609 миң сому үнөмдөлүп, өкмөткө кайтарылып берилген.

Китептер республика боюнча китепканаларга, билим берүү мекемелерине акысыз таратылат. Ошондой эле, mamtil.kg сайтынан PDF түрүндө көчүрүп алууга да болот.

Эске салсак, 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынган.