Жаңылыктар
Өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин даярдыгы кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин даярдыгы кандай?

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан борбор калаадагы мектептердин окуу жылына карата даярдыгы жана ишмердүүлүгү текшерилди. Анда билим берүү мекемелериндеги фонддор, капиталдык оңдоо иштери жана окуучуларды керектүү окуу куралдары менен камсыздоо жагы каралды. 

Бишкектеги №17 мектеп-гимназиясында 2042 окуучу билим алат. Мындагы класстар компьютер, интеррактивдик доска жана мультимедиялык проектор жана башка керектүү жабдуулар менен жабдылган. Мында билим алуугс толук шарт түзүлгөн. Мунун баары мэрия жана ата-энелер тарабынан чогултулган фонддогу каражатка алынган.