Жаңылыктар
Ишкерлер болочок депутаттарды жеке секторго шарт түзүп берүүгө чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
 Ишкерлер болочок депутаттарды жеке секторго шарт түзүп берүүгө чакырат

Ишкерлер болочок парламентарийлерди жеке секторду өнүктүрүүгө шарт түзүүгө үндөшөт. Бул тууралуу ишкерлер ассоциациялары жана шайлоого катышкан 11 партия кол койгон коомдук келишимде айтылды.

Ишкерлер тараптардын көңүлүн мамлекетте жеке секторду колдоо боюнча тутумдуу чаралар жоктугуна бурду. Ошол эле учурда мамлекеттик сектор өсүп, укук коргоо жана текшерүү органдарынын кысымы күчөп жатат.

 «Бул жеке демилгелерди токтотууга, инвестициялардын олуттуу агып кетишине жана Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келет. Жеке секторго карата мамлекеттик саясат өзгөрүлбөсө, мамлекеттик башкаруу тутуму өзгөрүлбөсө, өлкө экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө жетишпейт ”деп айтылат социалдык келишимде.


Ишкерлер тараптарды экономикалык өсүшкө жана социалдык өнүгүүгө шарт түзүүгө көңүл бурууга чакырышты.