Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан борбор калаадагы мектептердин окуу жылына карата даярдыгы жана ишмердүүлүгү текшерилди. Анда билим берүү мекемелериндеги фонддор, капиталдык оңдоо иштери жана окуучуларды керектүү окуу куралдары менен камсыздоо жагы каралды.
Бишкектеги №17 мектеп-гимназиясында 2042 окуучу билим алат. Мындагы класстар компьютер, интеррактивдик доска жана мультимедиялык проектор жана башка керектүү жабдуулар менен жабдылган. Мында билим алууга толук шарт түзүлгөн. Мунун баары мэрия жана ата-энелер тарабынан чогултулган фонддогу каражатка алынган.
Ал эми Бишкектеги №61 автордук физикалык-математикалык мектепте да ата-энелер тарабынан каржыланган фонд бар. Бүгүнкү күндө бул фонд балдардын билим алуусуна жакшы шарт түзүү үчүн иш алып барат.
“Бизде “Жардам” коомдук бирикмеси бар. Бирикмеге ар ким өз каалосу менен кошулуп, ата-энелер тарабынан акча чогултулат. Андагы каражат мектепке керектүү нерселер менен камсыздоого жумшалат. Мугалимдин бул акчаларга эч кандай тиешеси жок. Барын коомдук бирикме чечет. Эгер ушул сыяктуу факт катталса, мыйзам бузуу болуп саналат. Бул учурда эң катаал чаралар көрүлөт",-деди №61 автордук физикалык-математикалык мектептин директору Юрий Низовский.
№70 мектепте болсо окуучулардын олимпиадаларга, ар кандай сынактарга катышуусуна, турмуштук оор кырдаалга кабылган окуучуларга көмөк көрсөтүүгө жана мектептин оңдоп-түзөө жумуштары үчүн каражат топтолот.
"Кээде ата-энелер фонду каражат топтоого аракет кылат. Бул мектепке, андагы бассейнге оңдоо иштерин жүргүзүү керек болгон учурда чогултулат. Мындан тышкары мектептин кызматкерлери, окуучуларына жардам керек болгон учурда акча чогултулуп, колдоо көрсөтүп келебиз”,- деди мектептин коомдук фондунун өкүлү Алберт Рыскулов.
Жыл сайын шаардык мэрия тарабынан билим берүү мекемелери үчүн 4 млрд сом бөлүнөт. Бул каражат мектептин капиталдык оңдоо иштерине, балдардын ысык-тамагына, мугалимдердин айлык аксысына жана коммуналдык төлөмдөргө жумшалат.
“Быйыл мектептерге бюджеттин эсебинен 100 млн сом бөлүнгөн. Бул ар бир мектептин муктаждыктарына жараша жумшалууда. Мисалы, биринде капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлсө, экинчисинде жылытуу системасы каралды. Биз ата-энелер тарабынан түзүлгөн коомдук фондду көзөмөлдөбөйбүз. Алар өз калоосу менен мектепке жардам көрсөтүп келишет”,- Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачёва.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча жалпы 97 мектеп бар. Ушул тапта шаар мэриясы тарабынан бардык билим берүү мекемелерине тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө.