Саясий партиялар 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет.
«Абал турукташып калды дегенибиз менен коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азыр деле катталууда. Карантин режими алына элек. Ошондуктан шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга 50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.