Жаңылыктар
Жалал-Абад облусундагы токой экосистемасын жакшыртуу максатында техникалар бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусундагы токой экосистемасын жакшыртуу максатында техникалар бөлүндү

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы бир нече айыл өкмөтү райондун аймагындагы токой экосистемасын жакшыртууга карата даярдаган долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан колдоо таап, атайын техникалар бөлүнүп берилди. 

Райондогу Чолпон-Ата, Жаңы-Жол, Бел-Алды жана Ничке-Сай айыл өкмөттөрү Бүткүл Дүйнөлүк банк каржылаган “Токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу” долбоорунун негизинде жалпы 200 миң долларга долбоор жазып өткөрүп, ал жактырылып ортодо келишим түзүлгөн. Натыйжада 4 даана трактор, чиркегич жана башка шаймандары менен жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилди.

"Бел-Алды айылында 63 гектар аянтты калыбына келтирүү иштери каралган. Көчөт тигилет, каралат, максатуу иш алып барабыз. Эми алган техникабыз ишти кыскартып, ылдамбыгын жогорулатат деп ишенебиз",- деди Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Багымбаев.