Жаңылыктар
Коррупция менен элдешкис күрөш уланат
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупция менен элдешкис күрөш уланат

 Коррупция менен элдешкис күрөш уланат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өткөн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы ээлеген кызмат ордуна, сиңирген эмгегине карабастан, коррупциялык иштерге аралашкандыгы далилденсе, эртеби, кечпи, эң катуу жоопкерчиликке тартыла турганын айтты. Мамлекеттин, элдин эсебинен байыгысы келгендерди жазалоо элдин талабы экенин белгилеп, Коопсуздук кеңешинин бардык чечимдерин ишке ашыруу анын өзгөчө көзөмөлүндө экенин эске салды.