Жаңылыктар
Аксы районунда кара өрүк экспортко сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы районунда кара өрүк экспортко сатылууда

Аксы районунда 566 гектар аянтты кара өрүк ээлейт. Былтыр кайналынын 5 миң тоннадан көп түшүм жыйналып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу түшүмдүүлүгү гектарына 91 центнерден ашкан. 

Чогултулган кара өрүктүн 3 миң тоннадан ашыгы сатылып, калганы кургатылган. Кургатылган кайналынын көлөмү 600 тоннадан ашып, анын теңи кургатуучу цехтер аркылуу, калганы кол менен кургатылган. Район боюнча кара өрүктү кургатуучу цехтердин саны 127, анда сезон учурунда 600гө жакын адам эмгектенет. Күздө жыйналган түшүм чийки түрүндө негизинен Россия, Казакстан, ал эми кургатылганы Тажикстан мамлекеттерине сатылууда.