Санариптештирүү - чиновник менен жарандын ортосундагы байланышты болушунча азайтып, коррупцияга каршы күрөштүн эң алгылыктуу куралы. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
“Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жүрүп жатат. Ушуну менен биз жарандарга жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардагы коррупциянын негизги себебин - адамдык факторду жоюп жатабыз. Биз Борбордук Азияда биринчилерден болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан салык декларацияларын электрондук түрдө берүүнү киргиздик. Декларациялардын бардык жыйынтык маалыматтары Салык кызматынын сайтында ачык жарыяланат. Азыр ар бир жаран аларды көрүп, чыгашалары менен кирешелери чындыкка туура келбеген чиновниктерди аныктоого катыша алат. Биз мамлекеттик сатып алууларды автоматташтырып, ал процесстерде орун алган коррупциялык тобокелдиктерди жоюудабыз. Бул ишкердик чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө оң таасир тийгизет жана бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүнүн ачыктыгын жогорулатат”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.