Жаңылыктар
Кара-Кече көмүр кениндеги абал. Жаңы жол куруу ишин күнү-түнү жүргүзүү сүйлөшүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кече көмүр кениндеги абал. Жаңы жол куруу ишин күнү-түнү жүргүзүү сүйлөшүлүүдө

Кара-Кечеде жаңы жолду салуу иши күндүз гана жүргөндүктөн, ишти күчөтүү үчүн күнү-түнү иштөө тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Мурда  бир аптада салынып бүтөт деген божомол болуп, бирок азыр да тоодон таштар токтобой түшүп жаткандыктан, жаңы жол 10-15 күндө толугу менен салынып бүтүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан маалымдалды. 

Жаңы салына турган жол тоонун боору менен 3 км 200 метрди түзөт. Адистердин айтымында жол кенен болот, ичке жагы 6 метр, кенен жагы 8 метрди түзөт.  Дагы чоң таштар түшүүсү мүмкүн деген коркунучтар бар. РЭСке электр жана мобилдик  чубалгыларын сайдын аркы бети менен өткөрүү сунушу киргизилди. Бүгүнкү күндө жеринде үч техника иштеп, тиешелүү күйүүчү май келди. Мындай маалыматтар өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, Нарын облусунун губернатору, Жумгал токой чарбасы тармагынын өкүлү, Нарын районунун акими, транспорт министрлигинин өкүлү катышкан сүйлөшүүдө маалым болду. 

"Кара-Кечедеги Кабак көмүр бассейнде 20 ишкана бар. Алардын 18 ишканасы тынбай иш алып барышууда, жол ачылса эки ишкана да өз иштерин башташат.  Алар "Демилге" жана "Кара-Кече" филиалы иштеткен Борбордук кесими. Калган ишканалар ЖЭБ менен калкты көмүр менен камсыздап, штаттык режимде иштей беришет. Кара-Кечеде 30 машина бар, аларга көмүр жүктөлүп, Соң-Кол жак менен кете башташат. Кесек көмүрдү 20 ишкананын ичинен элдин керектөөсүнө "Шарбон", "Ак-Жол", "Берекет", "Бузурманкул" ишканалары берип турушат",- деп "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы билдирди.

Учурда "Кыргызкөмүрдүн" күнүнө көмүр кесиминен жүз машинаны жүктөп кетирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Дыйкан-Кара кече жолу ачылгандан кийин автомашиналар көбөйөт, анын кесепетинен кезек күтүүлөр да болушу мүмкүн. Ошол себептен көмүр ташыган айдоочулар, Нарын, Ак-Талаадан келген автомашиналар кезек жок кезде ташып алуу сунушталууда. "Кыргызкөмүр" ишканасы тарабынан азыркы маалда Кара-Кечеде абалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттер көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече - Дыйкан" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүргөн.