Жаңылыктар
Ош шаарында заманбап таштанды сала турган контейнерлер орнотулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында заманбап таштанды сала турган контейнерлер орнотулууда

Ош шаарында заманбап таштанды сала турган контейнерлерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Шаар мэриясынан билдиргендей, алар шаардын борбордук көчөлөрүндө орнотулат. 

Азыркы тапта Курманжан-Датка көчөсүндөгү кесилиштерге жана жол четинде шаар тургундары жана соода объектилери тарабынан таштандылар мыйзамсыз чогултулган жерлерге 9 даана контейнер орнотулду. «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасы жалпы 360 даана контейнерди кабыл алган. Мындан тышкары жергиликтүү тургундарга таштандыларды атайын челектерге салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.