Берлин шаарында «Бельвю» резиденциясында Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды.
Салтанаттуу аземден кийин болгон маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам айтып, Кыргызстанга германиянын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Германиянын президенти жана элчи Кыргызстан менен Германиянын кызматтыштыгын ар кандай тармактарда өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелер бекем пайдубалга ээ болуп, жигердүү өнүгүп жаткандыгы айтылды.