Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метр курулуш буюмдары күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар миинстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө тиешелүү бардык күчтөр тартылып, жыйынтыгында өрт өчүрүлүп, жеринде жардам көрсөтүлгөн. Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок. Өрттүн кесепетинен имараттын 400 чарчы метр курулуш буюмдары күйгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.